Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Президент Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен кетти. Делегациянын курамы
02.10.2024 | 15:24
Президент Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Италиянын президенти, өкмөт башчысы, Депутаттар палатасынын жана Сенаттын төрагалары менен жолугулат.
Андан тышкары Ватиканга жасаган сапарында Рим папасы Франциск менен жолугат.
Кыргызстандын расмий делегациясы:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
- башкы прокурор Максат Асаналиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом