Президент Кемпир-Абад боюнча камалган аялдарга айкөлдүк кылабы?

Президент Кемпир-Абад боюнча камалган аялдарга айкөлдүк кылабы?

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде Кемпир-Абад боюнча камалгандар боюнча комментарий берди.

 “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” кармалган мүчөлөрүнүн камактагы мөөнөтү дагы узартылды. Алардын чындап эле өлкөдө массалык башаламандык же башка мыйзамсыз иштерге баруу аракети болгонбу, же бул саясий куугунтукпу?

Биринчиден, «Кемпир-Абадды коргоо комитети» деп атап алгандардын жеткен акылы ошол болсо, башкасын айтпай эле коеюн. Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Кемпир-Абадды бербей эле, тескерисинче, биз 50/50 пайыз менен башкарабыз деп кирип атабыз. Алып атабыз. Буга чейин 100 пайыз өзбек тарап ээлик кылып келген. Плотинага биз тараптан, адамдарды бул жакка коелу, чычкан жөргөлөп кире алчу эмес. Же калппы? Биздин бир кемчилигибиз тээ башында эле ачык карабастан, жабык эшик артында карап келгенибиз болуптур. Анткени биздин пайдабызга чечилип жаткан иштерибиз бузулуп кетпесин деген элек. Ратификациядан өткөнгө чейин экинчи тарап айнып кетсе иш аягына чыкпай калат. Мындай укук эки тарапта тең болот. Кайра өзгөртөлү, биз тарап айныдык дегенге укуктарыбыз бар. Ошол себептен Жогорку Кеңешке ратификацияга келгенге чейин жабык эшик артында карап келдик. Муну түшүнүп туруп, түшүнгүсү келбегендер ушундан пайдаланып кетели дешти. «Мына көрдүңөрбү, жабык эшик артында карап жатышат, демек биздин пайдабызга чечилген жок» деп элди козутуп жатышты. Мындай козуткучтар түз эле түрмөгө барып түшүштү.

Ратификациядан өткөндөн кийин эч ким артка кайта албайт. Айныбайт. Мына азыр эми чек ара маселесине чекит коюлуп, күчүнө кирди. Биздин пайдабызга чечилгенин жалпы эл өз көздөрү менен көрүп, күбө болушту.

– Камактагы аялдардын энелери, тарапташтары сиздин атыңызга: “Айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз” деп ачык кайрылуу кылып атышат. Буга кандай комментарий бересиз? Чындап эле айкөлдүк кылып чыгарып койсоңуз болобу?

Биринчиден, мага кайрылаардан мурда ошол камалып калган жакындарына кайрылыш керек болчу. Эки жылдан бери ооздоруна «ак ит кирип, кара ит чыгып» жатат. Мен үндөбөдүм. Көңүл да бурбадым. Теңелбейин дедим. Же эки жыл ичинде менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм.

Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: «Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле.

Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. «Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел» деп план түздүргөн жокмун. «Элди портерлерге жүктөп келгиле» дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет.

Экинчиден, аларды мен камаган жокмун. Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп беришет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. «Төңкөрүш жасайбыз» деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине «чыгарып кой» деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз. Мен кийлигишпеген үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. «Соттордун ишине кийлигишпегиле» деп эч кимди кийлигиштирбей жатам.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>