Керек болсо, кийин Кемпир-Абаддын жерин алмашып алабыз, — президент

Керек болсо, кийин Кемпир-Абаддын жерин алмашып алабыз, — президент

Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жерди 10 жылдан кийинби, 100 жылдан кийинби алмашып алабыз. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында президент Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында, жарандар «Өзбекстанга башка тилкеден жер берип, Кемпир-Абаддын алдындагы жерди алып бергиле» деген сунуштарды берип жатат.

«Алмашуу кылалы, силерге чек аралаш жерден 4 миң гектар айдоо жерди берели, суу кургап кетсе, суунун алдында жаткан жер Өзгөнгө калсын десек, айланайын деп макул болот. Анткени алар суу 100 жыл, 200 жыл, керек болсо, дагы бир нече кылымдар бою жатарын билишет. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп макул болот. Ошондуктан шашпай тургула өзгөндүк туугандар, ошол суу астында жаткан жерди, керек болсо, 1 жылдан кийинби, 10 жылдан кийинби, 100 жылдан кийинби алмашып алабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кырызстандын атынан өкмөттүк делегацияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда. Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>