Садыр Жапаров: Келечекте 1 сотых жер үчүн кан төгүлүшү мүмкүн

Садыр Жапаров: Келечекте 1 сотых жер үчүн кан төгүлүшү мүмкүн

Келечекте 1 сотых жер үчүн кан төгүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал, жыйында, депутаттарга кайрылып, эки өлкөнүн чек ара боюнча макулдашуусу Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болуп жатканын белгиледи.

«Бул маселени кийинкиге жылдырып койбойсуңарбы деп сунуштагандар болду. Андай болбойт. Азыр чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү чечимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Мындай ийгиликтүү жеңишке жете албай калыбышыбыз мүмкүн», — дед ал.

Анын айтымында, учурда коңшу мамлекеттердин калкынын саны өсүп жаткандыктан, кийин жер үчүн кан төгүлүшү мүмкүн экенин айтты.

«Күндөн-күнгө, жылдан-жылга коңшу элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып бара жатат. Кийин чечебиз деп калтырып койсок, 19 миң гектар жер эмес, 1 сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин 30 жыл ичинде канча жарандарыбыз, аскерлерибиз чек ара чырынан өлүп кетти», — деди ал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки өлкөнүн макулдашуусу тууралуу маалымат берген. 

Чек ара: Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>