Президент: Кескилеп берилип кеткен жерлерди кайтарып жатабыз — видео

Президент: Кескилеп берилип кеткен жерлерди кайтарып жатабыз — видео

30 жылдан бери кескилеп берилген жерлерди кайтарып жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну колдогондон кийин сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Жапаров макулдашууну колдогон депутаттарга ыраазычылык сөзүн айтты.

«Урматтуу депутаттар, айрыкча колдоп берген депутаттар, сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ушул тарыхый учурда биз менен чогуу болуп, жоопкерчиликти моюнга алып, добуш берип, Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит койдук. Эми Тажикстан менен чек ара тилкелерин бүтүрөбүз. Кудай буйруса, тоскоолдуктар болбосо, Жаңы жылга чейин бүткөрүп, алып келебиз деп жатабыз», — деди ал.

Жапаров Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашап, жарандар, жоокерлер каза болбошу керектигин билдирди.

«Биз чек араны бүткөндөн кийин, азыр 199 миң чарчы чакырым болсо, 210 миң чарчы чакырымдан ашыгыраак болуп, биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен бүтүрөбүз, ошондо Кыргызстан «бүтүн Кыргызстанбыз, коопсуз Кыргызстанбыз» деп айтсак болот. Азыр биз бүтүн эмеспиз, жарты Кыргызстанбыз. 30 жылдан бери кескилеп-кескилеп бере берип жарты кылып салышкан. Биз азыр кайтарып, бүтүрүп жатабыз. Тарыхый документтерди көрсөтүп далилдеп бердик. Чек араларды чечкенден кийин, ратификация бүтүп чекит койгондон кийин биздин эле өлкөдө эмес, Орто Азия өлкөлөрүндө тынчтык орнойт. Ушундай үмүтүбүз бар. Колдоп бергениңиздер үчүн дагы бир жолу чоң рахмат», — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда. Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.

Чек ара: Ташиев Кыргызстанга канча жер өтүп жатканын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>