Чек ара: Ташиев Кыргызстанга канча жер өтүп жатканын айтты

Чек ара: Ташиев Кыргызстанга канча жер өтүп жатканын айтты

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки өлкөнүн макулдашуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын Кыргызстанга Гавасай тилкесинен 12 миң 849 гектар, Көк-Серектен – 105, Баястан тилкесинен – 212, Үңкүр-Тоодон – 31, Ак-Таш тилкесинин – 100, Кара-Белестен – 25 гектар жер өтүүдө.

Ташиев Кемпир-Абад боюнча сөз кылып, суунун алдындагы жерди Өзбекстанга берүү тууралуу 1965-жылдары эле чечилгенин, анын ордуна Өзбекстан Кыргызстанга компенсация катары Анжияндан 2 миң 966, Ферганадан 1 миң 161, жалпы 4 миң 127 гектар берген.

«Өз кезегинде суу сактагычты курууга Кыргызстан 5 миң 731 гектар жер бөлүп берген. Ал жер суу сактагычтын 908 горизонталына туура келет. Аны 900 горизонталга түшүрүүдөн (аянты 4 миң 485 гектарды түзүп калат) 1 миң 246 гектар жер Кыргызстанда калууда», — деди ал.

Өзбекстан берген 4 миң 121 гектар жерди жана горизонталды түшүрүүдөн 1 миң 246 гектар жер Кыргызстанда калып жатканын эске алганда, Өзбекстан дагы 358 гектар жер бериши керек болгон.

«Анын ордуна азыр Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар жер алынып жатат. Компенсация катары берилбей калган жер үчүн дээрлик 2,5 эсе көп жер алынууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>