Социалдык саясат боюнча комитет Соцфонддун отчетун жактырды

Социалдык саясат боюнча комитет Соцфонддун отчетун жактырды

Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Б.Алиев жана Эсептөө палатасынын аудитору В.Садовников баяндамаларды жасашты. Алсак, Б.Алиев белгилегендей, Социалдык фонддун 2022-жылкы жалпы кирешеси 81 563,9 млн сомду түздү, план боюнча 78 375,6 млн сом, бул пландалган кирешелерден 3 188,3 млн сомго көп же пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу 104,1% түздү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 51 592,6 млн сомду түздү. Планда 48 545 млн сом  же белгиленген пландык тапшырмадан 106,3% аткарылды.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү өлкөнүн пенсиялык системасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерге көңүл бурушуп, жооптуу органдарды пенсионерлердин жашоо сапатын жакшыртуу максатында социалдык кепилдиктердин аткарылышын камсыздоого чакырышты.

Андан сырткары, жыйында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралып, жактырылды. Берилген маалыматка ылайык, 2022-жылга такталган бюджети 24 951 939, 5 миң сом, ал эми 2022-жылга бюджеттин аткарылышы 24 523 202,2 миң жалпы чыгашалары 24 951 939,5, ал эми аткарылышы 23 929 632,6 сомду түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>