Президент: Мадумаров Тажикстанга жер бергенге макул болгон

Президент: Мадумаров Тажикстанга жер бергенге макул болгон

Баткендеги төрт көчө, тагыраагы, 275 метр жерди Тажикстанга Адахан  Мадумаров Коопсуздук Кеңешти жетектеп турганда берүүгө макул болгон. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров пресс-конференцияда билдирди.

Ал “Адахан Мадумаров Коопсуздук Кеңешин жетектеп турган кезде кол коюп берип салган протоколу бар экен. Тажикстан ошол протоколду далил катары айтып, ушул жерди алар биздики деп атат. Биз буга макул болбой атабыз, анткени,  ал жер биздики илгертеден бери, биз өтүп жүргөн жер.  Ал протколдо 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм, бирок, кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп турат. 12 жылыңар бүттү 37 жылдан кийин биз алабыз же кайра сүйлөшүүлөрдүн аркасында узартабыз деп жатышат.  Аталган протколго, ошол кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес экенин айтып, юридикалык жактан туура эмес экенин жүйө келтирүүдөбүз.  Анткени, эки өлкө ортосунда өкмөттөр аралык комиссия иштейт. Андан кийин бир топ процесстен кийин президенттер кол коюп гана маселе чечилет. Азыр чеч десеңер азыр деле чечип салабыз. 275 метр эмес, 5 метр бергенге акыбыз жок. 37 жыл деле бат эле өтүп кетет. Анда Лейлек толугу менен анклав болуп калат. Бул юридикалык документ эмес деп талашып жатабыз” деди өлкө башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>