Президент: Эдил Байсалов эмоцияга алдырып койду

Президент: Эдил Байсалов эмоцияга алдырып койду

Эдил Байсалов эмоцияга алдырып койду. Ал көкүрөгүндөгүсүн элге туура эмес жеткирип алды. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров пресс-конференцияда билдирди.

“Мен анын сүйлөгөн сөзүн көрдүм, бир аз эмоцияга алдырып койду. Ал көкүрөгүндөгүсүн элге туура эмес жеткирип алды. Кылыбыз кыйшайбайт, 50-60 депутат менен эле иштейбиз, калганыңарды укпайбыз деген сөзү- соңку 10 жылдагы парламенттик системадагы терс жагын айтайын деди.  Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген болчу Байсалов. Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, 1000 добуш менен келген депутат болсо да ал элдин өкүлү, биз баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Болот экен да иштешсе», — деди Жапаров.

Буга чейин Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов теле берүүлөрдүн биринде “кылыбыз кыйшайбайт, 50-60 депутат менен эле иштейбиз, калганыңарды укпайбыз” деген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>