Бишкектин эстеликтери жана жоголгон символдору: мемориалдык картанын экинчи бөлүгүБишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи этабынын курулушу башталдыКыргызстанда жакырчылыкты азайтуу боюнча жаңы программа иштелип чыгатБишкекте Грузия жана Кыргызстан аркылуу ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды — толук маалыматКыргызстанда кайрымдуулук үчүн берилген акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталуудаӨКМ: 13-17-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар
Президент Мамкаттоонун 10 жылдык юбилейи менен куттуктады
25.10.2019 | 10:57
Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 25-октябрда, Президентинин аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду.
“Элге ыңгайлуу кызмат көрсөтүү аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы — калк менен өтө тыгыз иштеген мамлекеттик орган болуп калды. Каттоо кызматы калкты биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүктү жүргүзүү иштерине олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын сапаттуу электрондук тизмесин түзүү менен өлкөбүздө демократияны өнүктүрүү ишине чоң көмөк көрсөттү”, – деп жазылат мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом