Президент Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун текстинде 24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калары айтылат.

“Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге ырыс-береке берсин”, — деп жазылат өлкө башчысынын кайрылуусу.

Белгилей кетсек, 2005-жылы 24-мартта ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатка нааразы болгон миңдеген адам митингге  чыгып, бийликти кулатышкан. Кыргызстандын саясий тарыхында бул күн  «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен тарыхта калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>