Мэриянын рейди учурунда Ош базардагы соодагерлер сабалганы айтылды

Мэриянын рейди учурунда Ош базардагы соодагерлер сабалганы айтылды

Бишкекте Ош базарында көчөдө соода кылгандарга каршы рейд учурунда соодагерлер ур-токмокко кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы билдирди.

Депутаттын айтымында, рейдди мэриянын кызматкерлери милициянын атайын багыттагы кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзгөн.

«Сиздер жакшы билгендей, соода кылгандардын көбү аялдар. Аларды ук-токмокко алышып, товарлары менен бирге арабаларын «Тазалыктын» унаасына жүктөп кетиптир. Алар «бүгүн товарлар менен арабаларды алып кетели десек, айыппулу 10 эсе кымбат чыгып жатат» дейт. Азыр ыйык Орозо айында аялдарга аяр мамиле кылып, (көчөдө соода кылгандар менен — ред.) башка жолдор менен күрөшүүнү сунуштайм. Алмазбек Акунжанович (президенттин парламенттеги өкүлү – ред.), урматтуу төрага бул маселени өз көзөмөлүңүздөргө алып берип коюңуздарчы», —  деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>