Президент Жапаров демөөрчүлөр каржылаган фонду тууралуу айтты

Президент Жапаров демөөрчүлөр каржылаган фонду тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган магенинде өзүнүн демөөрчүлөр тарабынан каржыланган фонду тууралуу айтып берди.

Журналист президенттен Нарын шаарынын жолдоруна асфальт төшөө үчүн каражат каяктан бөлүнөрүн сураган.

«Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси спонсорлордон чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала-бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем.

Жакында Жумабек Салымбеков «Бай түшүм» банкынын атынан 50 млн сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым.

Кечээ Сергей Ибрагимов «Бакай» банкынын атынан 100 млн сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз (күлүп)», — дейт ал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>