Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга барды
31.08.2025 | 11:00

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытай Эл Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Аэропорттон аны КЭРдин илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Ошондой эле президент Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат