Президент студенттердин өлкө аймактарында окуусуна шарт түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, студенттердин өлкөнүн ар кайсы аймактарында окуусуна шарттар түзүлөт.
Тактап айтканда, Министрлер кабинети тиешелүү программаны иштеп чыгат. Анын алкагында мамлекеттик билим берүү гранттарынын квоталары региондук тең салмактуулукту эске алуу менен бөлүштүрүлөт жана программага катышкан студенттерге стипендия берилет.
Мындан тышкары, программанын катышуучуларын ички авиаташуулар менен камсыз кылынат жана кеминде 9000 студентти жайгаштырууга эсептелген жатаканаларды системалуу түрдө курулат. Жарлык боюнча студенттик жатаканалар спорт аянтчалары, ашканалар жана окуу борборлору сыяктуу зарыл инфраструктура менен жабдылышы керек.
Өкмөткө 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда студенттердин стипендияларын жана транспорттук чыгымдарын төлөө үчүн каражаттарды караштыруу тапшырылды. Жатаканалардын курулушу мыйзамда тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.