Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болушу менен куттуктады

04.06.2026 | 15:48
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 4-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө өзбек лидери Жапаровду Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Шавкат Мирзиёев бул ийгиликти Кыргызстандын эл аралык аброюнун жогору экендигинин жана өлкө жетекчилигинин тынчтык менен туруктуулукту чыңдоого багытталган саясатынын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылышынын далили катары баалаган.

Садыр Жапаров куттуктоосу жана боордош Өзбекстандын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Ал шайлоо өнөктүгүндө Борбор Азия өлкөлөрү өзгөчө салыш кошушканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даяр экенин ырастаган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин карашкан.

Scroll to Top