«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Президент УКМКнын 9-кызматынын жетекчисин алмаштырды
07.12.2019 | 15:57
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Президенттин башка буйругу менен Санжарбек Эркинбаевге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын 9-кызматынын башчысынын милдетин аткаруу жүктөлдү.
Белгилей кертек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. Тимур Шабданбеков аталган кызматка 2019-жылдын 1-мартында дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом