Президент Жалал-Абаддагы өсүмдүк майын чыгарган заводго барды

Президент Жалал-Абаддагы өсүмдүк майын чыгарган заводго барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровго заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы тууралуу маалымат берилген.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталган. Ушул жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк чийки зат колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонууда. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалымат уккан соң президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү чийки затты колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу керектигин белгилеген.

Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>