Кыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан
Учакта орусиялык жарандын 6700 долларын уурдап кетишкен
12.09.2022 | 12:18
Сокулук районунда учакта акча уурдаганы үчүн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге арыз менен Россия мамлекетинин жараны П.И. арыз менен кайрылып, 6-7-сентябрь күндөрү Бишкек-Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар 6700 АКШ доллар акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү делип Кытайдын жараны 1984-жылы туулган З.Х. кармалган.
Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө уланып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал