Президент Жапаров Жылдызкан Жолдошеванын сынына жооп берди

Президент Жапаров Жылдызкан Жолдошеванын сынына жооп берди

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын сынаны жооп берди.

Кечээ, 25-ноябрда Жолдошева Кыргызстанга президенттик башкаруу болбой турганын, президенттик-парламенттик башкарууга өтүү керектигин айткан.

«Урматтуу мекендештер, урматтуу Садыр Нуркожоевич бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошондуктан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Бул маселеге кайтып келишибиз керек. Себеби сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?», — деген ал.

Жапаровдун айтымында Кыргызстанда парламенттик да, президенттик-парламенттик башкаруу болгон, бирок андан Кыргызстан «жыргап кеткен жок».

«Парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. Мен экөөнү тең көрдүм, иштедим. Буга чейин, акыркы он жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик, тим эле «монстр» болуп алды. Андан кийин өкмөт жана президент», — деди ал.

Жапаров президент, өкмөт жана парламент маселени бири-бирине түртүп эч нерсе чечпегенин айтты. Учурда жоопкерчилик бир кишиге жүктөлгөн кийин маселелер ыкчам чечилип жатканын билдирди.

«Балким мурда качып кеткен президенттерге жоопкерчиликти толук мойнуна илип койсо, «жоопкерчилик менин мойнумда» деп күйүп-бышып, качпайт беле деген ой кетет. Анткени жоопкерчилик менде болгондон кийин орчундуу маселе болгондо, күнү-түнү уктабай чыгат экенсиң», — деди ал.

Делегат: Кыргызстанда президенттер «монстрга» айланып кетет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>