Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
17.10.2019 | 09:36
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-18-октябрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.
Өлкө башчысы ошондой эле, Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом