Президенттик шайлоо: Бюллетендер аймактарга жеткирилди

Президенттик шайлоо: Бюллетендер аймактарга жеткирилди

2-январда президенттик шайлоо жана референдум үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле чет элдик аймактык шайлоо комиссияларына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоого 3 млн 567 миң 138 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

«Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Кыргызстанда референдум өткөрүү үчүн 3 млн 567 мин 138 бюллетень, ал эми Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

«Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү», — деди БШКдан.

Жалпысынан, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жана референдум үчүн 7 134 276 бюллетень даярдалды.

Референдум өткөрүү үчүн көк бюллетень, ал эми президенттик шайлоо үчүн түссүз бюллетень даярдалды.

Эскерте кетсек, Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда болот. Учурда ага 17 талапкер ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>