Бийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен изделген кыргызстандык Орусиядан экстрадицияланды — УКМКBeta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштыруудаКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн бир айга «жашыл коридор» киргизилдиЖМК коомчулукту биологиялык коркунучтарга даярдашы керек — Таалайбек ОроскуловАйбек Жунушалиев бүткүл дүйнөлүк шаарлар уюмунун вице-президенти болуп шайланды«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды
Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты
30.12.2020 | 13:54
Президенттикке талапкерлердин бири Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабы кабарлады.
Ал талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөткөн.
Тагаев эмне себептен талапкерлигин алганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
«Учурда саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Мындан ары мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин», — деген ал.
Белгилей кетсек, президенттик кызмат ордуна 18 талапкер ат салышып жаткан, эгер БШК Тагаевдин талапкерлигин алса анда 17си калат.
Мөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат