Президенттик шайлоого аттанган 12 талапкердин документи артка кайтарылды

Президенттик шайлоого аттанган 12 талапкердин документи артка кайтарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкер катары арыз берген 12 адамдын документин артка кайтарды. Мындай чечим БШКнын 19-ноябрда өткөн жыйында кабыл алынды.

Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине ылайык, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуевдин соттулугу болгон үчүн документтери артка кайтарылган.

Ал эми документтери артка катарылган –  Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Юлия Лилиенталь, Елене Клипачева, Жээнбек Искендеров, Куттумидин Базаркулов, Чынгыз Капаров, Тынчтык Акжолтаев жана Султан Ажиматовдун мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу «Кыргызтест» мекемесинен сертификат тапшырбагандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип 65 адам БШКга арыз берип кайра үч адам арызын чакыртып алган эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>