Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулууда
Президенттин сынынан кийин туристтик милиция Ысык-Көлдүн жээгин тазалады
18.08.2025 | 09:46

Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы билдирүүсүнөн кийин Туристтик экологиялык милиция Чолпон-Ата ипподромунун артындагы пляжды дароо тазалап чыкты.
Милиция бул тууралуу мэрияга 13-августта эле билдиргенин, бирок тиешелүү чечим кабыл алынбаганын маалымдады. Президент жээкти кыдырып кеткенден кийин милиция өз күчү менен ишти аткарган.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров дем алыш күндөрү Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып, таштандыга толуп калганын айтып, элди тазалыкка үндөгөн.
Рубрики: Жаңылыктар