Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Прокуратура: Аксыда мектеп курган компания 7,1 млн сом кымырып алган
02.12.2024 | 17:11
Жалал-Абаддын Аксы районунда Э. Арстанбаев атындагы орто мектепти салган курулуш компания 7 млн 198,9 миң сом кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, “МК С.” компаниясы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма акт түзүп, акчаны кымырып алган. Ал эми мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын кызматкерлери курулуш иштери толук аткарылганын текшербестен, акчаны которуп берип, объектти пайдаланууга алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы райондук милициясына тапшырылган.
Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.