1-апрелден тарта айрым товарларга бажы төлөмдөрү өзгөрөт

1-апрелден тарта айрым товарларга бажы төлөмдөрү өзгөрөт

1-апрелден тарта жеке колдонуу үчүн импорттолгон товарларга алымсыз ташып келүүнүн босоголору өзгөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ага ылайык:

  • Жеке колдонуу үчүн алынып келинген товарлардын наркы 500 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 25 кг ашпоого тийиш;
  • Жеке колдонуу  үчүн эл аралык почта менен ташылып келүүчү жана ташуучу тарабынан жеткирилген товарлардын наркы 200 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 31 кг ашпашы шарт.

Бул көлөмдөн ашкан товарларга бажы төлөмдөрү төлөнөт.

Эскерте кетсек, босого 2022-жылдан тарта чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу көтөрүлгөн.

2024-жылдын 1-апрелине чейин босого жүк ташуучу же почта аркылуу ташылган жүк үчүн 1000 еврону, аба транспорту же жөө өтүү тартибинен тышкары, бардык транспорт каражаттары аркылуу жүк менен алып кирүүчү товарлар үчүн 1000 еврону түзөт.

Ушуга байланыштуу, чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарларды сатып алууда, ошондой эле мындай товарларды алып өтүүдө белгиленген маалыматты эске алуу маанилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>