Путин 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга укугу бар экенин айтты

Путин 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга укугу бар экенин айтты

Владимир Путин 2024-жылы кайрадан Орусиянын президенттигине шайлануу ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип, азырынча шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл ала электигин, бирок анын кайра шайлануу укугу бар экенинин өзү эле «өлкө ичиндеги саясий абалды турукташтыра» турганын белгиледи.

Мындай билдирүүнү Путин «Орусия чакырат» деп аталган инвестициялык форумда жасады. Президент бул иш-чарага онлайн форматта катышкан.

2020-жылы жайында Орусияда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын биринде өлкө президенти бул кызматта экиден көп мөөнөт иштей албай турганы жазылган. Конституциянын буга чейинки редакциясында президент өлкөнү эки мөөнөт катары менен башкара алчу эмес. Буга байланыштуу Путин 2008-жылы төрт жыл өкмөт башчысы болуп иштеп, кийин кайра президент болуп шайланып келген.

Ошол эле маалда өзгөртүүлөрдө жаңы норма учурдагы президентке тиешелүү эмес экени, андыктан Путин президенттикке дагы эки жолу шайланса болору белгиленген. Оппозиция бул норма атайын Путиндин бийлигин сактап калуу үчүн жасалган деп эсептеп келет.

Путин Орусиянын президенти кызматында жалпысынан 17 жыл иштеди. 2024-жылы ал 72 жашка чыгат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>