Путиндин иш сапары, саммит. Бишкекте жолдор убактылуу жабылат

Путиндин иш сапары, саммит. Бишкекте жолдор убактылуу жабылат

12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Бишкекте Россиянын президенти Владимир Путиндин иш сапары жана КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Унаанын жүрүүсүнө чектөөлөр төмөнкү көчөлөргө киргизилет:

— Манас Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>