QR-код аркылуу базардагы эттин таржымалын билүүгө болот

QR-код аркылуу базардагы эттин таржымалын билүүгө болот

Каттоодон өткөн малдар тууралуу маалымат сыноо протоколуна киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйында ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Ал жарандарга базар жана дүкөндөрдө эт сатуучулардан сыно протоколун талап кылууга чакырат.

“Сатууга уруксат берилген сыноо протоколунда ар бир малдын QR-коду бар. Ал аркылуу качан кайсы жерде союлду, кандай санитардык текшерүүдөн өткөндүгү боюнча маалымат аласыз. Сатууга чыккан этте сөзсүз түрдө сыноо протоколу болуш керек”, — дейт Бакыт Шарапов.

Ал эми койдун эти сатуучулар мындай маалымат бере албайт.

 “Анткени кой тобу менен катталат. Саны өлкөдө 6 миллионго жетет, аны көзөмөлдөө кыйын”, — дейт ал.

Анын маалыматында Кыргызстанда 97 миң  баш ири мүйүздүү мал, жылкы, чочко каттоодон өттү.

Белгилей кетсек, кечээ депутат Сүйүн Өмүрзаков базарларда малдын арам эти сатылып, ал колбаса жасоого дагы колдонулуп жатканын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>