«Берекет гранд» соода борборунун ээси Болот Бегалиев кармалды

«Берекет гранд» соода борборунун ээси Болот Бегалиев кармалды

«Берекет универсал» жана «Берекет гранд» соода борборлорунун кожоюну Болот Бегалиев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал ири алдамчылыкка шектелүүдө.

УКМКнын билдирүүсүндө, ишкерлер соода жайындагы орундарды 500-1000 долларга чейин сатып алышкан. Бирок алар менен жасалма келишим түзүлүп, тийиштүү документтер берилген эмес. Андан тышкары, ай сайын ижара акысынан тышкары кошумча төлөмдөрду чогултуп турган.

Ишкер соода ордун саткан учурда, анын 50 пайызын жана башка адамдын атына каттоо үчүн жетекчиликке 100 миң сом берген.

Болот Бегалиев менен бирге соода борборунун президенти  А.И.Ж. дагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Баткен-Комфорт» базарынын жетекчилиги кармалып, бир айдан кийин соода жайынын 61 пайыз үлүшү мамлекеттин карамагына өттү.

Шадиевдин «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>