Раиса Атамбаева Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

Раиса Атамбаева Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаровдун Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү боюнча айткан сөздөрүнө Апрель ТВ сайтына комментарий берди.

Раиса Атамбаева буларга токтолду.

“Биринчиден, бизди жана Алмазбек Шаршеновичти колдогон акыркы митингдерге эч кандай тиешебиз жок, эгер колдосок миңдеген адамдар чыкмак. Элдин пикирин айтууга тоскоол боло албайбыз. Экинчиден, менин жолдошум 2000-жылга чейин, президенттикке чейин эле абдан бай адам болгон. Ал «Киргизавтомаш», «Электровакуум», «Агромаш» сыяктуу эбегейсиз зор заводдорго ээ болгон. Айылда жана шаарда пансионаттар, ресторандар, жада калса чачтарачтар, жер тилкелери болгон. Түркиянын Измириндеги бир гана ишканадан бир жылдын ичинде дээрлик 20 миллион доллар дивиденд алган. Бул фактылар, аны текшерсе болот”- деди.

Ал Алмазбек Атамбаев менен 33 жылдан бери чогуу жүргөнүн, ошондуктан мунун баарын биле турганын билдирди.

«Ушул мүлктү сатуудан түшкөн акчага Кой-Таш айылына үй салса болбойт беле? Президент Жапаров кантип ууру дей алат? Бул жалган. Ооба, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Жогорку Соттун акыркы чечими быйыл өзү айткандай Сокенин эмес, президент Жапаровдун тушунда Башкы прокуратуранын нааразычылыгынан кийин чыккан. Ошол эле сот 2020-жылы бул өкүмдү мыйзамсыз деп жокко чыгарган», — деди ал.

Раиса Атамбаеванын айтымында, Кой-Таштагы үй ээси жок эмес, аны мурдагы президенттин жакындары оңдоп, жашап жатышат.

«Жапаров Бакиевдин Бишкектеги үйүн да мамлекет тартып алганын айтып жатат. Билишибизче, Бакиевдин өзүнүн айылындагы кичи мекенинде үй-бүлөсү бар. Кошумчалай кетсек, анын үй-бүлөсүнүн Лондондо, Минск шаарында үйлөрү бар. Ал эми биздин Кой-Ташта бир эле үйүбүз бар. Бул Алмазбек Шаршеновичтин ата-бабаларынын жери. Анан да эртеби-кечпи боштондукка чыгып, мекенине кайтып келет! Анан кайда барат?»- суроо салды.

Буга чейин Садыр Жапаров Би-Би-Си кыргыз кызматына маек берип жатып Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү боюнча айткан эле.

Атамбаевдин үйүн мен конфискация кылган жокмун, — Жапаров

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>