Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы финалга чыкты (видео)
13.01.2024 | 21:04
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешининин финалына чыкты.
Айпери Медет кызы таймашты 1/16 финалдан баштады. Биринчи беттешинде ал россиялык Рита Талисманованы, андан соң канадалык Жюстина Ди Стасиону 6:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда америкалык Аделина Грейди 10:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн ал франциялык Полин Лекарпантье менен күч сынашты. Айпери Медет кыз атаандашын 5:0 эсебинде жеңип алды.
Алтын үчүн кармашта ал кытайлык Хуан Ван беттешет.