Көчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек?Турчин, Мишустин жана башка чет элдик өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташтыГуля Кожокулова: «ШКУ саммити — бул Кыргызстандын жетилгендигинин жана жоопкерчилигинин сыноосу»Кытай менен мамилелердин жаңы этабы: Си Цзиньпиндин КРга иш сапары кандай жыйынтыкталдыШКУ деген эмне жана ал катардагы кыргызстандыкка эмне берет?Кыргызстан менен Кытай түбөлүк ынак коңшулук жана достук жөнүндө келишимге кол коюшту
Рейтингдик мелдеш: Бүгүн 4 кыргыз балбаны таймашка чыгат
06.06.2024 | 09:00
Бүгүн, 6-июнда Венгриянын борбору Будапештте күрөш боюнча рейтингдик мелдеш башталат. Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандардан 4 спортчу килем үстүнө чыгат.
57 кг салмакта Алмаз Сманбеков беттешти чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында япониялык Рей Хигучи менен күч сынашат.
61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу 1/8 финалда грузиялык спортчу Ника Закашвили менен кез келет. Ушул эле салмакта дагы бир кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу 1/8 финалда грузиялык Георгий Гониашвили менен таймашка түшөт.
70 кг салмакта Алибек Осмонов чейрек финалдагы биринчи беттешинде армениялык балбан Вазген Теванян менен күрөшөт.