Beta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштыруудаКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн бир айга «жашыл коридор» киргизилдиЖМК коомчулукту биологиялык коркунучтарга даярдашы керек — Таалайбек ОроскуловАйбек Жунушалиев бүткүл дүйнөлүк шаарлар уюмунун вице-президенти болуп шайланды«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталдыБишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда сааттык төлөм системасы сынала баштады
Рейтингдик мелдеш: Тайырбек Жумашбек уулу жарым финалга чыкты
06.06.2024 | 15:38
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу Венгриядагы рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты.
Жумашбек уулу 61 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде грузиялык спортчу Ника Закашвилини 13:0 эсебинде жеңди. Андан кийинки кармашында египеттик Гамал Мохамедди 12:1 эсебинде утуп, жарым финалга өттү.
Эми ал жарым финалда америкалык Аарон Гаррет менен күч сынашат.
Ушул эле мелдешке катышып жаткан Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) биринчи беттештеринде жеңилүү ызасын тартып калды.