Рекорд! Тепляшин жүк ташуучу 4 вагонду жылдырды

Рекорд! Тепляшин жүк ташуучу 4 вагонду жылдырды

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Иш-чара 22-апрель күнү өткөнүн, бүгүн, 26-апрелде “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, спортчу  жонуна илинген кайыш кур менен  чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы  100 тонна 150 кг. түзгөн.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>