Революцияларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул көбөйтүлөт

Революцияларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул көбөйтүлөт

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстандын аймагында болгон окуяларда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

«Азык-түлүккө, биринчи керектелүүчү товарларга, дары-дармектерге жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашына карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн жөлөкпулдардын өлчөмү бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз калууда», — деп айтылат мыйзам долбоордун маалымкат негиздемесинде.

Ошентип, бул категориядагы жарандар үчүн жөлөк пулду 3700 сомдон 4700 сомго чейин жогорулатуу каралууда. Учурда бул жөлөк пулду 564 адам алат.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 2023-жылга кошумча каражат талап кылынбайт, анткени зарыл болгон сумма 2022-жылы (5,9 млн сом) каралган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>