«Альянс Алтындын» профсоюзу майып балдарга жардам көрсөттү

«Альянс Алтындын» профсоюзу майып балдарга жардам көрсөттү

Курман айт майрамына карата «Альянс Алтын» компаниясынын кесиптик бирикмеси Таластагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган борборлорго уй этин таратты. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Альянс Алтын» кесиптик бирикмеси Талас облусундагы «Бекнур», «Таң Нуру» майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси жана «Талас балдар келечеги» мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо  борборлоруна, «Үкү Ата» жана «Имам Азьам» медреселерине уй этин жеткирип берген.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборлорунда балдарга ар тараптуу социалдык кызмат көргөзүлөт. Балдар колун жуугандан тарта, тамга таанып, сабак окуганга чейин үйрөнүшөт. Компаниянын кесиптик бирикмеси тарабынан мындай жардам биринчи ирет жасалып жаткан жок. Буга чейин да бир нече социалдык жардам көрсөтүп келишкен.

Балдар үйүнүн жетекчилери жана кызматкерлери «Альянс Алтын» компаниясынын профсоюзуна ыраазычылык билдиришти. «Альянс Алтын» компаниясы социалдык көмөк көргөзгөнгө ар дайым даяр», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>