«Манас» аэропортунда Кытайдын жараны кармалды

«Манас» аэропортунда Кытайдын жараны кармалды

«Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арадан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Кытайдын жараны кармалды. Бул утуралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал Кытайдын жасалма паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен 27-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

«Кытайдын жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>