Россияда 7 млн рубль уурдоого айыпталган кыргызстандык аялга өкүм чыкты

Россияда 7 млн рубль уурдоого айыпталган кыргызстандык аялга өкүм чыкты

Россиянын Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту 7 млн рубль салынган сумкадан акча уурдоого айыпталган кыргызстандык аялга өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, кыргызстандык аял «акча уурдоого» күнөөлүү деп табылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Маалым болгондой, окуя былтыр ноябрь айында болгон. Айыпталуучу аялдын айтымында, былтыр 4-ноябрда болжол менен саат 07:00до ал жумушка бара жатып, жолдон кара сумканы таап алган. Ал сумканы ачып, ичинде эки ак кездеме, калемсап, беткап жана флешка гана бар экенин көргөн.

Ал сумканы жумушуна алып барып, кызматкерлер бөлмөсүнө коюп койгон. Эртеси ал тууралуу администраторго айткан. Ошол күнү туулган күнүн өткөрүү үчүн ресторанга барган. Полиция аны ресторандан кармап кеткен. Ал кармалгандан бери тергөө абагында камакта болуп келген.

Ал эми жабырлануучу билдиргендей, сумкасын жоготкон күнү ал мас болгон. Ресторандагы отуруштан кийин ал такси чакырып, машинага отуруп жатып сумкасын эшикте калтырып койгон.

Учурда райондук сот чыгарган чечим күчүнө кире электиги айтылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>