Бишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалдыАИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлигиИИ-агенттер Канаданын өкмөтүнүн сайтына кирүүгө аракет кылышканОш шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулдуБШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайыКеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылды
Россия Кыргызстанга орус тилинде окуткан 9 мектеп куруп берет
16.10.2024 | 14:06
Россия Кыргызстанга орус тилинде окуткан 9 мектеп куруп берет. Тиешелүү гранттык макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда карап, колдоп берди.
Маалыматка ылайык, Россия 9 мектепти куруу үчүн акчаны Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу бөлөт. Мектептер ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында салынат. Курулуш аяктагандан кийин алар Кыргызстанга кайтарымсыз негизде өткөрүп берилет.
Аталган мектептерде окуу орус тилинде Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү программасы боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз тили сабак катары окутулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом