Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө
12.06.2025 | 09:10
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Россия күнүнө карата расмий иш-чара өткөрдү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги жыйынтыктары сунушталып, ар тараптуу өнөктөштүктүн жаңы баскычтары белгиленди.
Экономикалык жыйынтыктар:
- Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 14,7%га өсүп, 3,5 млрд долларга жетти;
- Россиянын Кыргызстандын экономикасына инвестициясы 23%га өсүп, 200 млн долларды түздү;
- Сооданын 98%дан ашыгы улуттук валюталар менен жүргүзүлүүдө.
Гуманитардык кызматташтык:
- Кыргызстандын мектептеринде 141 россиялык мугалим жана 57 стажер иштеп жатат;
- 11 миң орундуу 9 орус тилдүү мектептин курулушу жүрүп жатат;
- Россиянын ЖОЖдорунда 9 миңден ашуун кыргызстандык студент билим алууда, алардын 700ү — квота менен окушат.
“Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын алкагында стратегиялык өнөктөштүгүн улантууда”,-деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар