Орусия Ошко 121 тонна өсүмдүк майын жөнөттү

Орусиядан Ошко гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы — 121 тонна өсүмдүк майы келип түштү. Жүк Кыргызстандын түштүк аймактарындагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун алкагында бөлүштүрүлөрүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Азык-түлүктү жеткирүү Кыргызстандын бийлиги жана эң ири донору Орусия болуп саналган БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан программанын алкагында жүргүзүлүүдө.
Буга чейин, май айында Ошко 675 тонна байытылган ун да жеткирилген. Ал жергиликтүү жамааттарды колдоого, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана калктын аялуу катмарларына жардам берүүгө багытталган.
Биргелешкен долбоорлор ирригациялык системаларды жана суу менен камсыздоо объектилерин калыбына келтирүүнү, бак-дарактарды отургузууну, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу үчүн дарыялардын жээктерин бекемдөөнү, ошондой эле айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына үйрөтүүнү жана киреше булактарын өнүктүрүүнү камтыйт.
Эмгек министрлиги акыркы 15 жылдын ичинде Орусия өкмөтү жана БУУ ДАП Кыргызстанда шашылыш жардам көрсөтүүдөн жана калыбына келтирүүдөн тартып узак мөөнөттүү өнүктүрүү долбоорлоруна чейин бир катар колдоо программаларын ишке ашырганын эске салды. Алардын катарында майыптыгы бар адамдардын тамактануусун жакшыртуу демилгелери жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы бар.
Мекеме БУУ ДАП менен Орусиянын Кыргызстандын калкынын аялуу катмарларын колдоо боюнча кызматташтыгы мындан ары да улантыларын кошумчалады.