Ташиев базардагы соода орундардын ижара акысын 2 эсе азайтууну тапшырды

Ташиев базардагы соода орундардын ижара акысын 2 эсе азайтууну тапшырды

Кыргызстандагы базарлардын ээлери өтө бай адамдар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасын Камчыбек Ташиев мекеменин кезектеги жаңы имаратын ачуу учурунда билдирди.

Ал соода жайлардын шартын жакшыртууга чакырды.

“Базарлардын кожоюндары ири суммадагы киреше алып тургандыгына карабай, соодагерлерге жөнөкөй шарттарды түзүп беришпейт. Биринчи кезекте ижарага акысын эки эсеге азайтыш керек. Андан сырткары, базар ээлери контролдук-кассалык аппараттарды сатып алууга каражаты жетпей жаткан майда ишкерлерге алып берсин”, — деди Камчбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы жарандарды чагымчылдыкка азгырылбоого чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкекте жана аймактарда бир жума бою митингдер өттү. «Кара-Суу» жана «Дордой» базарынын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, башка ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылык билдирүүдө.

Кечээ президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы жолугушууда чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө июль айына чейин патент менен иштөөгө уруксат берди.

Садыр Жапаров: Алты ай патент менен иштөөгө уруксат берилет (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>