Орусияда алимент төлөөдөн качып жүргөн 11 кыргыз жараны кармалды

Орусияда алимент төлөөдөн качып жүргөн 11 кыргыз жараны кармалды

Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн адамдардын жарымы балдарын узак убакыт бою багуудан баш тартып, балдарына алимент төлөбөгөндөр болуп чыкты. Алардын айрымдары дээрлик 7 жылдан бери жашы жете элек балдарды бар экендигин эстегиси келбеген жарандар. Издөө иши ачылган качкын аталарга алименттик милдеттенмелер эскертилди.

ИИМдин өкүлчүлүгү тарабынан издөөдө жүргөн бардык адамдардан алимент боюнча карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелер алынды. Алар жашы жете элек балдарын эстөөгө мүмкүнчүлүк берилди.

Ошентип, төмөнкү адамдардын жайгашкан жери аныкталды:

— 1983-жылы Ош облусунда туулган К.Р., Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген. Издөө демилгечисине билдирилди, изделип жаткан адамдан алимент боюнча карызды жоюу жөнүндө милдеттенме алынды.

— 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Ж.Р., алимент төлөбөгөндүгү үчүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан изделип келген.

— 1982-жылы Ош облусунда туулган К.А. уулу, алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош облусунун Кара-Суу РИИБ тарабынан изделип келген.

— 1994-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.А., Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ тарабынан алимент төлөбөгөн адам катары изделген.

— 1981-жылы Чүй облусунда туулган М.Д., алимент төлөбөгөндүгү үчүн Токмок ШИИБ тарабынан изделип келген.

— 1976-жылы Нарын облусунда туулган Дж.М., Кочкор РИИБ тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделген.

— 1970-жылы туулган А.Ш., Кара-Суу РИИБ тарабынан 2020-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.

— 1981-жылы туулган Т.К., 2019-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн Ош ШИИБ тарабынан изделип келген.

— 1976-жылы туулган К.А., 2015-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн, Ош ШИИБ тарабынан изделип келген.

— 1991-жылы туулган Э.А., Сузак РИИБ тарабынан, 2021-жылдан бери алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген.

-1985-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.К., 2020-жылдан тартып Сузак РИИБ тарабынан алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан.

ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү издөөдө жүргөн, тергөөдөн жана соттон качкан, республиканын чегинен тышкары укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: алимент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>