Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялар жарым жылда 24%дан ашык өстүКыргызстанда интернет-коучтардын билимин ачыкка чыгаруу талап кылынышы мүмкүнКыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жеттиКМТУ менен КУУ Сүлүктүдө инженерлерди жана архитекторлорду биргелешип даярдайтКыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 38,55 пайызына чейин төмөндөдү — КасымалиевКыргызстанда 2026-жылы эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом жумшалат
ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйыны дагы үзгүлтүккө учурады
23.05.2022 | 11:00
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-майдагы жыйыны кайрадан өткөн жок.
Комитеттин төрайымы Динара Ашимова өзүнүн айтымында, Жогорку Кеңештин имаратында жүргөн Аида Исатбек кызына телефон чалууну суранды.
«Келсин», – деп тыныгуу жарыялады.
Жыйынга келген депутаттар кесиптештерин 40 мүнөттөй күтүштү, бирок келишкен жок.
Тыныгуудан кийин Ашимова чогулгандардан кечирим сурап, жыйын башка күнгө жылдырылганын, бул тууралуу комитет кошумча маалымат бере турганын билдирди.
Белгилей кетсек, жыйындын күн тартибинде тогуз маселе каралмак.
Эске салсак, өткөн жумада комитет мүчөлөрү да комитеттин жыйынын үзгүлтүккө учураткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат