Эстен кеткис майрам. «Альянс Алтын» Таластагы бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

02.06.2021 | 12:06

Бүгүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы жана «Бакубат Талас» фонду Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрүштү.

Компаниянын жана фонддун демилгеси менен Талас облусундагы ар кандай реабилитациялык борборлордогу 2 жаштан 15 жашка чейинки 200 балага белектер – баштыкчалары жана таттуулары менен берилди.

[image_carousel source=”media: 82244,82245″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Майрам Бекмолдо айылдык кеңешинде да болду. Балдарга аянтча жана аниматорлор катышкан шоу программа уюштурулуп, аларга балмуздак таратылды.

«1-июнь – жылдын эң жаркын күндөрүнүн бири. Биз өсүп келе жаткан жаш муундарды позитивдүү энергия менен кубантууну кааладык. Алардын ден-соолугу чың болуп, билимге умтулушу маанилүү», – деп билдиришти компаниядан жана фонддон.

Реабилитациялык борборлордун жетекчилери компанияга жана фондго унутулгус майрам уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Балдар алган белектерине абдан кубанып, ыраазы болушту.

Scroll to Top