ЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырдыАйыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалдыКМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетиштиЖогорку Кеңеш Кыргызстандын аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн насыяны жактырдыОш облусунда 300 миллион долларга кичи ГЭСтердин каскадын куруу пландалуудаКыргызстандын куралдуу күчтөрү глобалдык дүйнөлүк рейтингде 109-орунду ээледи
Тыныбекова: Мен атымдан алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүшүүдө
15.09.2021 | 15:47
Токио Олимпиадасындагы күмүш байгенин ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кайрылып, анын атынан фейк баракча ачылып,
алдамчылык кылып жаткандар бар экенин эскертти.


“Урматтуу достор!
Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат.
Жалпы катталуучуларымдан скриншоттордо көрсөтүлгөн баракчага кирип “Пожаловаться” баскычын басып коюуну суранам”,- деп кайрылуу жасаган Тыныбекова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом