Ысык-Көл облусунда 20 электр кубаттоочу станция орнотулатТөрт жыл ичинде 48 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөнБазар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөтКазакстанда майыптыгы бар адамдардын коляскалары жана протездери кайра алынатДастан Бекешев жылуулук жана ысык суу төлөмдөрүн бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады.Кыргызстан жыл башынан бери 11 тоннадан ашык сүт азыктарын экспорттоду
Жалал-Абад: 3 киши “Хизбут-Тахрир” уюмунан чыкты (Видео)
08.09.2021 | 12:20
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мурда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунунда жүргөн 3 киши андан чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кабарлады.
Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришкен.
Жыл башынан бери бул өрөөндө 16 киши “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунунун туура эмес экенин билип, андан баш тарышкан.
Ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 485 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом