Акысыз көрсөтүүлөр: Бишкекте Кытай киносунун күндөрү өтөт

12-августта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында «Жибек жолунун жарыгы жана көлөкөсү» аттуу эл аралык долбоордун алкагында Кытай киносунун күндөрү ачылат. Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө төрт тасма сунушталат. Кинолорго кирүү акысыз.
Салтанаттуу ачылыш саат 16:30да башталып, программаны космос тууралуу тартылган «Шэньчжоу-13» тасмасы ачат.
Көрсөтүлө турган тасмалар:
- «Шэньчжоу-13»: Космостук орбитада 8K форматындагы камера менен космонавттар тарабынан тартылган уникалдуу тасма. Анда Жердин көрүнүшү жана космостогу күнүмдүк жашоо реалдуу чагылдырылган.
- «Жансакчы» (Телохранитель): Белгилүү режиссёр Юэнь Ву-Пиндин тарыхый экшн тасмасы. Бул фильм 2026-жылы Кытайдын кино рыногунда кассалык рекорд койгон.
- «Бактылуу поезд»: Кытайдын алыскы аймактарында жүргөн поезддин кызматкерлери жана жүргүнчүлөрүнүн жашоосу тууралуу драма.
- «Пегасус-3»: Автожарыш дүйнөсүн баяндаган спорттук комедия. Бул тасма 2026-жылы Кытайда эң көп киреше тапкан фильмдердин бири болуп, 2,9 млрд юань топтогон.
Тасмалар кытай тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн кинематографисттеринин ортосунда чыгармачылык байланыштарды түзүү пландалууда.
Долбоор Кытайдын медиакорпорациясы (China Media Group) жана Кытайдын Мамлекеттик кино башкармалыгы тарабынан кыргызстандык өнөктөштөрдүн катышуусунда уюштурулууда. Ачылыш аземине Кытайдан атайын делегация келет.